Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Италия түндүгүндөгү автокырсыктан венгр окуучуларынын курман болушуна байланыштуу Венгрия Президенти Янош Адерге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Италия түндүгүндөгү автокырсыктан венгр окуучуларынын  курман болушуна байланыштуу Венгрия Президенти Янош Адерге көңүл айтты.

«Италия түндүгүндөгү автокырсыктын кесепетинен венгр окуучуларынын  курман болгону тууралу жаман кабарды кабыргам кайышып кабыл алдым», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун туугандарына  жана жакындарына чын дилинен чыккан сөздөрү менен көӊүл айтып, трагедиядан жапа чеккендердин тезинен сакайып кетишин тиледи.

2017-жыл 23-январь