Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өз Аппарат жетекчиси менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдыктын жүрүшүн талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-январда Президенттин Аппартынын жетекчиси Фарид Ниязовдун 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыктары боюнча киргизилген оӊдоолорду эске алуу менен  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун иши тууралу маалыматын укту.

Ф.Ниязовдун маалыматы боюнча, Мамлекет башчысынын буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ ишин аяктап жатат. "Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ушул мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен КР Конституциясынын расмий тексти  Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ушул Мыйзам күчүнө киргенден тартып он төрт күндөн кеч эмес убакта жарыяланууга тийиш. Ошондой эле референдумда кабыл алынган мыйзам Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуудан тышкары, 2010-жылы келтирилген жана укуктук-нормативдик акттар жөнүндөгү мыйзам менен кийин жөнгө салынган мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин бир катар шайкеш келбестиктерди  жоюуну талап кылат.

Мамлекет башчысы жасалган иштердин маанисин белгилөө менен Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү менен тартылган эксперттердин бул жооптуу ишти аткарууга өтө олуттуу жана дыкат мамиле жасоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

2017-жыл 23-январь