Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-январда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-СУ тилкесинде учактын кулашынын кесепетинен жапа чеккендерге оперативдик штабдын координациясы астында  жардам берүү иштери тууралу маалымат берилди.

Кубатбек Боронов авиакырсык болгон жердеги издөө-сактоо иштеринин аякташы жана трагедиянын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдар кабыл алган чаралар  жөнүндө айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учак кулаган жерде калыбына келтирүү иштерин улантуу, каргашанын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жапа чеккендерге колдоолор менен жардамдарды күчөтүүгө көӊүл топтоо зарылдыгын баса белгиледи.

2017-жыл 21-январь