Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Премьер-министринин орун басары Адхам Икрамовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-январда Өзбекстан Республикасынын  Премьер-министринин орун басары,  маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо маселелери боюнча комплекстин жетекчиси Адхам Икрамовду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча позицияларды тактоо жагында биргелешкен иштери тууралу маалымат берилди. Бул ишти ылдамдатуу боюнча макулдашууга Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген болучу.

Жолугушууда мындан тышкары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын өз ара аракеттенүүсүнүн эң приоритеттүү чөйрөлөрүндөгү маанилүү маселелер да талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы достук жана жакшы коӊшулук мамилелерди бекемдөө чараларын ар тараптуу колдоо жанданганын канааттануу менен белгиледи.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышты.

2017-жыл 18-январь