Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “General Electric” компаниясынын энергиянын кайра жаралуучу булактары маселелери боюнча вице-президенти Ив Ранноу менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-январда “General Electric” компаниясынын энергиянын кайра жаралуучу булактары маселелери боюнча вице-президенти Ив Ранноу жана “General Electric” компаниясынын Борбор Азия региону боюнча башкы директору Бела Ференци менен жолукту.

Жолугушууда “General Electric” компаниясынын жетекчилигинин өкүлдөрү  Мамлекет башчысына энергетика жабдыктарын өндүрүү жана мунайгаз тармагында, транспорт жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө дүйнөлүк лидерлердин бири болгон көп тармактуу компаниянын ишмердиги тууралу айтып беришти. Бул компания дүйнөнүн 180 өлкөсүндө өз ишмердигин жүргүзөт.

Президент Алмазбек Атамбаев компаниянын жетекчилигинин өкүлдөрү менен биринчи кезекте гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча  кызматташтык перспективаларын талкуулады. Бул өлкөдө жаңы кубаттуулуктарды киргизүүнү, ошондой эле инфраструктура жана энергосистема жаатында өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын белгилейт.

Кыргызстандын гидроэнергетика потенциалын жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын эске алуу менен, ошондой эле региондук  CASA-1000 энергетикалык долбоорун ишке ашырууга ылайык өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү перспективалар бар экени белгиленди.

2017-жыл 18-январь