Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-январда өлкөнүн  финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысына 2016-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2017-жылга финансылык документтин негизги приоритеттери жана бюджет саясатынын башкы багыттары жөнүндө маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев бюджетти так аткаруу, анын киреше бөлүгүн камсыз кылуу жана жарандар алдындагы социалдык милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаруу боюнча өз маалында чараларды көрүү зарылдыгына министрдин көӊүлүн бурду.

2017-жыл 17-январь