Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-январда өлкө Улуттук банкынын төрагасы  Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы макроэкономикалык көрсөткүчтөр, валюта рыногундагы жана валюта секторундагы кырдаал, ошондой эле инфляция деңгээлин төмөндөтүү жана улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды. Ошондой эле өлкөдө накталай эмес  төлөөлөрдүн жана эсептешүүнүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны аткаруунун алдын-ала жыйынтыктары жана болочокко пландар да талкууланды.

Мамлекет башчысы Улуттук банк Кыргыз Өкмөтү жана коммерциялык банктар менен бирдикте өлкө ишкерлерине жана фермерлерге берилип жаткан насыялардын үстөгүн азайтуу боюнча ишти улантышы керек экенин белгиледи.

2017-жыл 17-январь