Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

17-январь «Боинг-747» жүк ташуучу учагынын авиакырсыкка учурашынын кесепетинен каза болгондор боюнча Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-январда ««Боинг-747» жүк ташуучу учагынын авиакырсыкка учурашынын кесепетинен каза болгондор боюнча 2017-жылдын 17-январын Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

«2017-жылдын 16-январында Чүй облусунда болгон авиакырсыктын кесепетинен Гонконг-Бишкек авиа каттамы боюнча учуп бара жаткан «Боинг – 747» жүк ташуучу учагы кулаган.

Көп сандаган адам курмандыктарына алып келген авиакырсык Кыргызстандын бүтүндөй эли үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун

үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Каза болгондорго аза күтүү менен жана алардын туугандары менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 17-январы аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун

үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга керектүү жардамдарды берип, колдоо көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                        А.Ш. Атамбаев».

2017-жыл 16-январь