Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев авиакырсыктын натыйжасында курман болгондордун туугандарына көӊүл айтып, жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүүнү жана бардык жардамды берүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Манас” аэропортунун жанында жүк ташуучу учактын кыйрашынын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтып жана аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы андан тышкары авиакырсыктын натыйжасында жабыр тарткандарды дарылоого жана саламаттыгын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды.

Өкмөткө каргашанын себептерин терең иликтеп жана авиакырсыктын кесепеттерин жоюу чараларын көрүү тапшырылды.   

2017-жыл 16-январь