Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев «Man Auto-Uzbekistan» ишканасына барышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда Өзбекстан Республикасына жумушчу визитинин алкагында Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге Самарканд шаарындагы «Man Auto-Uzbekistan» ишканасына барышты.

Ал жерде Мамлекет башчылары өзбек-немис биргелешкен ишканасынын иши менен таанышып, бул заводдо чыгарылып жаткан техниканын үлгүлөрүн көрүштү.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда өндүрүлгөн текстиль жана автомобиль өнөр жайынын продуктулары, эл керектөөчү товарлар коюлган көргөзмөнү көрүштү.

2016-жыл 24-декабрь