Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу визит менен Өзбекстан Республикасына келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда жумушчу визит менен Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарына келди.

Визиттин жүрүшүндө Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар коёт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат. Эки өлкө лидерлери эки тараптуу мамилелердин өнүгүү маселелерин талкуулап, эл аралык жана региондук күн тартибинин маанилүү маселелери боюнча пикир алышат.  

2016-жыл 24-декабрь