Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Түркия Республикасынын Президенти эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлүшүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катында Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын аракети менен өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө  олуттуу натыйжаларга жетишилгени белгиленген.

«Окшош тарыхыбызга, маданиятыбызга жана тилибизге негизделген биздин мамлекеттер ортосундагы тыгыз кызматташтык мамилелер ар дайым бир тууган эки элдин жыргалчылыгын арттырууга өбөлгө болооруна ишенем», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Түркия Президентине бекем ден соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган түрк элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

 Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган куттуктоо телеграммасында тилибиздин, маданиятыбыздын, каада-салттарыбыздын жана тарыхыбыздын окшоштугу, ошондой эле калыптанып калган тарыхый достугубуз жана тилектештигибиз эки өлкө ортосундагы көп векторлуу кызматташтыктын ишенимдүү негизи болуп келгени жана мындан ары да ошондой боло берери белгиленген.

«Жакынкы келечекте биздин эки тараптуу өз ара мамилелерибиз эки тарапка тең пайдалуу негизде өнүгүп жана тереңдей береине ишенем», - деп айтылат телеграммада.

Түркия Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана кыргыз элине бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүүнү жана бардык жакшылыктарды каалады.

2016-жыл 23-декабрь