Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Иран Президенти Хасан Роуханинин Кыргызстанга расмий визитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болуп өттү

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болуп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Иран Президенти Хасан Роуханинин катышуусу менен төмөнкү документтер кабыл алынды жана кол коюлду:

- Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин Кыргыз Республикасына расмий визитинин жыйынтыктары боюнча Биргелешкен билдирүү;

- Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 2016-2026-жылдарга узак мөөнөттүү кызматташтык Программасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнүн, айлантуунун жана пайдалануунун алдын алуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;

- КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен ИИР Кооперация, эмгек жана социалдык бакубатчылык министрлигин ортосундагы кызматташуу ниеттери жөнүндө Меморандум;

- КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ИИР саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда саламаттык сактоо, медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар чөйрөлөрүндө кызматташуу ниеттери жөнүндө Меморандум;

- ИИР Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар министрлиги менен КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин ортосунда  кызматташуу ниеттери жөнүндө Меморандум;

- ИИР Маданият жана ислам багыты министрлиги менен КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ортосунда маданий алмашуулардын үч жылдык программасы

2016-жыл 23-декабрь