Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Иран Президенти Хасан Роуханинин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду

Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өлкөгө расмий визит менен келген Иран Ислам Республикасынын Президенти  Хасан Роухани менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү болду.

Кеңири курамдагы сүйлөшүүдө Мамлекет башчысы Иран Ислам Республикасынын Президентин  кыргыз жергесине келиши менен жылуу куттуктады. Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Иранды байыртан эле достук мамилелер, тарыхый жана маданий тыгыз байланыштырып келгенин, алар азыркы кездеги кыргыз-иран мамилелеринин бекем негизи болуп саналарын баса белгиледи.

«Келерки жылы май айында биз эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгын белгилейбиз. Бул дата –  биздин мамилелердин жаңы баскычка көтөрүлгөнүн даңазалаган маанилүү дата. Салыштырмалуу кыска мезгил ичинде биз толук кандуу өнөктөштүк диалогду жөнгө салдык, БУУ, Шанхай кызматташтыгы уюмунун жана башка эл аралык жана регионалдык структуралардын алкагында тыгыз өз ара аракеттешүү жолго салынды. Кыргыз тарап ошондой эле Иран өзөк программасы Ирандан эл аралык санкцияларды алып салуу боюнча биргелешкен пландарды жүзөгө ашырууга да чоң маани берет. Программаны жүзөгө ашыруу жана Ирандан эл аралык санкцияларды алып салуу эл аралык коопсуздукту бекмдөөгө өбөлгө болмок жана кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларга жол ачмак», - дети Кыргызстан Президенти.

Мамлекет башчысы тар курамдагы сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык, регионалдык мүнөздөгү олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу болгонун айтты. Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгы жөнүндө макулдашуулар болду.

«Биз тышкы иштер министрлерине бир айдын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырдык. Биздин көз карашыбызда, энергетика тармагындагы кызматташуу эки тараптуу кызматташтыктын эң келечектүү багыттарынын бири боло алат. Кыргыз тарап Кыргызстанда ГЭСтерди куруу долбоорлоруна Иран тараптын катышуусуна кызыкдар. Президент конкреттүү бир фирмага бул маселени кароону тапшырууга даяр экенин билдирди. Биз ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, транспорт жана коммуникациялар тармактарында кызматташтыкты жөнгө салууга кызыкдарбыз. Биздин өлкөлөр ортосунда түз аба каттамын ачышыбыз керек. Тышкы иштер министрликтери бир ай ичинде эки өлкөнүн ишкерлери, туристтик топтор үчүн виза режимин жеңилдетүү жөнүндө сунуштарды киргизет деп үмүттөнөм»,  - деди Кыргыз Республикасынын Президенти.

Алмазбек Атамбаев орто жана чакан бизнести колдоп, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгүнөн келип чыккан мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды толук кандуу пайдалануу зарылдыгына токтолду. «Ирандык инвесторлор Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды ачуу менен бизге Европа тарабынан берилген жеңилдетилген режимден пайдаланышса болот», - деп кошумчалады ал.

Мамлекет башчысы региондо радикализмдин, экстремизмдин өсүп баратканы жана террористтик уюмдардын зыяндуу аракеттеринин күч алганы кооптонуу жаратып жатканын билдирди. Ал кыргыз тарап бардык түрдөгү жана көрүнүштөгү терроризмди чечкиндүү айыптай тургандыгын жана терроризмди кайсы бир улутка, маданиятка жана динге таандык көрүнүш катары таңуулоого, исламофобияга  жол берүүгө болбой тургандыгын жактаарын белгиледи.

«Күч алып бара жаткан терроризм коркунучуна жана Ооганстандагы абалдын өнүгүү преспективаларынын бир өңчөй эместигине байланыштуу бардык кызыкдар тараптардын туруктуулукту жана тынчтыкты сактоого багытталган аракеттерин бириктирүү зарыл. Бул жаатта коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттешүүнү күчөтүп, терроризм, экстремизм, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү  боюнча маалыматтар менен алмашуу зарыл», - деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан үчүн Иран менен маданий-гуманитардык кызматташуу чоң мааниге ээ.

Сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасынын Президенти бул визит эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелердеги жаңы баракты ачаарына ишеним билдирди.  «Биз эки тараптуу кызматташтыкты активдештире турган кардиналдуу чечимдерди кабыл алуу жөнүндө тапшырмаларды беребиз. Бүгүн биз ошондой эле алдыдагы 10 жылга эсептелген кызматташтык программасын кабыл алабыз. Мен бул узак мөөнөттүү программа мындан аркы эки тараптуу кыргыз-иран мамилелеринин туруктуу негизи болуп калаарына ишенем. Андан тышкары, бир катар маанилүү документтерге кол коюлат. Дос иран элине гүлдөп-өсүүнү каалайм», - деди Мамлекет башчысы.

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани өз кезегинде Кыргызстанга визит менен келгенине кубанычтуу экенин белгиледи. Анын айтымында, Иран 25 жыл мурда Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныган өлкөлөрдүн бири болуп саналат, бүгүн болсо, Иран мурдагыдай эле ар кайсы деңгээлдеги эки тараптуу мамилелердин бекемделишине кызыкдар.

Президент Хасан Роухани тар курамдагы сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланганын айтты.

«Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө биз виза берүүнү жеңилдетүү жана болочокто визаны таптакыр эле алып таштоого карай багыт алуу жөнүндө чечим кабыл алдык. Бул айрыкча бизнесмендерге, трейдерлерге жана иш берүүчүлөргө тийешелүү. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө экендигин эске алуу менен тариф, соода чөйрөсүндө жеңилдиктерди берүү маселелери талкууланды. 26-декабрда ЕАЭБ отурумунда бул маселе талкууланат деп үмүттөнөм», - деди ал.

Иран Ислам Республикасынын Президенти инженердик-техникалык чөйрөдө кызматташууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Президент Хасан Роухани Кытайды Перс булуңундагы өлкөлөр менен байланыштыруучу темир жолду куруу долбооруна байланыштуу маселеге токтолду. «Бүгүн биздин транзит чөйрөсүндөгү маселелерибизди талкуулого даярбыз», - деди ал.

Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы маданий, илимий чөйрөлөрдөгү кызматташтык сапаттуу деңгээлге көтөрүлөрүнө ишене тургандыгын билдирди.

Терроризмге каршы күрөшүүнү Президент Хасан Роухани башкы маселе деп эсептейт.

«Бүгүн экстремизм регион үчүн чоң коркунуч туудурууда. Ошондуктан биз толранттуулук маданиятын кеңири жайылтуу менен бул коркунучка каршы турушубуз керек. Терроризмге каршы күрөштө Ирандын зор тажрыйбасы бар, бул багытта Кыргызстанга жардам берүүгө биз даярбыз», - деди ал сөзүнүн аягында.


2016-жыл 23-декабрь