Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргызстанга расмий визит менен келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини расмий тосуу аземи болуп өттү.

Флагштоктордо Кыргыз Республикасынын жана Иран Ислам Республикасынын  мамлекеттик туулары көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилди, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Эртең, 23-декабрда, расмий визиттин алкагында  Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Иран Президенти Хасан Роухани ортосунда тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрү болот.

Мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык маанидеги олуттуу маселелер боюнча пикир алмашышат. Эки мамлекеттин лидерлери ошондой эле басма сөз үчүн билдирүү жасашат. Биргелешкен документтерге кол коюу болжолдонууда.

Мындан тышкары, Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат, ошондой эле кыргыз-иран бизнес-форумуна катышат.

2016-жыл 22-декабрь