Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргызстанга расмий визит жасайт

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен эртең, 22-декабрда  Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргызстанга эки күндүк расмий визит менен келет.

Визит алкагында  Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани жана Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Иран ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын абалына жана перспективаларына байланышкан маселелерди талкуулашат. Эки мамлекет башчысы эл аралык жана региондук күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашат.

Сүйлөшүүлөр соңунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани басма сөз үчүн билдирүү жасашат.

Ошондой эле биргелешкен документтерге кол коюу белгиленди.

Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында  Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен кездешип жана бизнес-форумдун ачылышына катышат.

2016-жыл 21-декабрь