Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Берлиндеги трагедияга байланыштуу Германия Федералдык канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Берлиндеги трагедияга байланыштуу Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты.

«Кыргызстан элинин атынан жана өз атымдан Берлиндеги трагедияга байланыштуу көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуну өтүнөм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2016-жыл 20-декабрь