Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Индияга мамлекеттик визитинин алкагында кол коюлган эки тараптуу документтер менен алмашуу аземи болду.
Кол коюлган документтер:
1.Өкүлдөрдүн Биргелешкен билдирүүсү;
2. КР Өкмөтү менен Индия Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;
3. КР Өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агентчилик менен Индия Жаштар жана спорт министрлиги ортосунда жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Меморандум;
4. КР Айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Индия Республикасынын айыл чарбасы жана фермерлердин бакубатчылыгы министрлиги ортосунда айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Келишим;
5. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз аскер лицейи менен Индия Республикасынын Улуттук кадет корпусу ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
6. КР ТИМ Дипломатиялык академиясы менен Индия ТИМ Тышкы байланыш институту ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
7. Телерадиоберүү жана аудиокөрсөтүү продукциялары менен алмашуу чөйрөсүндө УТРК менен «Прасар Бхарати» ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.