Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Махатма Гандинин Мемориалына гүл коюу аземине катышты

Индия Республикасына мамлекеттик визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 20-декабрда Махатма Гандинин Мемориалына гүл коюу аземине катышты.

Махатма Гандинин Мемориалына гүлчамбар коюп, Президент Алмазбек Атамбаев Мемориалдын мармар ташына гүл желекчелерин септи.

Андан ары Мамлекет башчысы Махатма Гандинин Мемориалындагы ардактуу коноктор китебинде жазуу калтырды.

2016-жыл 20-декабрь