Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Индия Президенти Пранаб Мукерджи жана Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу аземи болуп өттү

Индия Республикасына мамлекеттик визиттин алкагында бүгүн, 20-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджи жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу азем «Раштрапати Бхаван» президенттик сарайында болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кортежи атчан эскорттун коштоосунда президенттик сарайдын борбордук дарбазасы аркылуу кирип келгенде президенттик Гвардия замбиректерден 21 жолу залп берди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Индия Республикасынын Президенти Пранаб Мукерджи жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди тосуп алышты.

Протоколдук сүрөткө түшүүдөн кийин эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Андан соң Мамлекет башчысы Индия Республикасынын аскерлеринин үч түрүнөн куралган катарды кыдырып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу аземинин жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү андан бул мамлекеттик визиттен эмнелерди күтө турганы жөнүндө суроо беришти.

Мамлекет башчысы бул визит Кыргызстан менен Индия ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болот деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Индия миллиарддан ашык калкы бар чоң мамлекет. «Биздин өз ара мамилелерде динамикалуу өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн пайдаланыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар», - деди Президент.

2016-жыл 20-декабрь