Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик визит менен Индияга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-декабрда мамлекеттик визит менен Индия Республикасына учуп кетти.

Визит маалында Мамлекет башчысы Индия Президенти Пранаб Кумар Мукержи, Индия Вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари, Индия Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат жана  кыргыз-индия бизнес форумга катышат.

Визит алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган. 

2016-жыл 18-декабрь