Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-декабрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына жылытуу мезгилинин өтүшү, калкты электр энергиясы жана жылытуу менен туруктуу камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетикалык системасын бекемдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берилди. 

Дүйшөнбек Зилалиев ири тоо-кен ишканаларынын иши тууралу айтуу менен “Жерүй” кенинде кийинки жылга бекитилген график боюнча казуу комплексин курууга даярдык көрүү иштерине токтолду.

Мындан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу үчүн тоо-кен тармагында иштердин ачыктыгын мындан ары арттыруу, мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана  коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелерин талкуулашты.

2016-жыл 17-декабрь