Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 9-декабрында Астана шаарында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 10-ноябрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – Кыргыз Республикасынын илимпоздорунун жана илимий мекемелеринин илимий изилдөөлөрү менен инновациялык иштеп чыгууларын каржылоо.

Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын илимпоздоруна жана инженерлерине өздөрүнүн фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрү менен техникалык иштеп чыгууларын жүзөгө ашырууда мындан ары финансылык колдоо алууга, ошондой эле чет өлкөлүк илимий институттар менен илимий чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.

2016-жыл 15-декабрь