Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына мекеменин азыркы иштери жана Кыргызстандын тышкы саясатынын приоритеттүү багыттарын мындан ары өнүктүрүү пландары тууралу маалымат берилди.

Эрлан Абдылдаев жакында Германияда өткөн ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуусу жөнүндө айтып берди. Ал жыйында Кыргызстан менен ЕККУ ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды. Андан тышкары, делегация башчыларынын эки тараптуу жолугушуулар менен сүйлөшүүлөр алкагында  Кыргызстандын чет жердик өнөктөр, анын ичинде Европа биримдиги менен мындан аркы кызматташтыктын приоритеттери каралды.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу шартында керек өнөктөр менен теӊ укуктуу мамилелерибизди ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн тышкы саясатын ишке ашыруу боюнча иш чаралар комплексин жандантуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы чет жерлердеги кыргызстандыктардын укуктарын коргоо маселелерине министрдин көӊүлүн бурду.

2016-жыл 12-декабрь