Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Хавелиан шаарындагы авиакыйроого байланыштуу Пакистан Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Хавелиан шаарындагы көптөгөн курмандыктарга алып келген авиакыйроого байланыштуу Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты.

«Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына,  ошондой эле Пакистан Ислам Республикасынын элине оор жоготууга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2016-жыл 8-декабрь