Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Адана шаарында өрттө балдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Президентине көӊүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Адана шаарында өрттө балдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти  Режеп Тайип Эрдоганга көӊүл айтты.

«Быйылкы жылдын 30-ноябрында Адана провинциясында окуучулардын өлүмүнө алып келген каргаша окуялар жөнүндө кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым», - деп айтылат телеграммада.

Мамлекет башчысы курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына колдоо жана көӊүл айтып, ал эми жабыр тарткандардын тезирек сакайып кетишин каалоосун билдирди.

2016-жыл 1-декабрь