Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кызматын аткарууда көрсөткөн эрдиктри үчүн УКМК кызматкерлерин Ардак грамоталар жана белек сааттар менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-ноябрда террористтик уюмдар ишмердигинин бетин ачууда көрсөткөн эрдиги, ошондой эле өмүргө коркунуч туулган шарттарда аскердик милдеттерин аткаруу  учурундагы тайманбас, чечкиндүү аракеттери үчүн өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине Ардак Грамоталарды жана белек сааттарды тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы аскердик милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып жаткан чекисттерге өлкө элинин атынан алкыш айтты. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, ушундай кызматкерлердин аракеттери менен кийинки жылдары кыргызстандыктардын УКМК кызматкерлерине карата мамилеси түп тамырынан жакшырып, жарандардын атайын кызматтарга болгон ишеними артты.

Президент мамлекет күч түзүмдөрүнө, Мекен сакчылыгында туруп, өлкө коопсуздугун камсыз кылып жаткандарга камкордук көрүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы УКМК кызматкерлерине бекем ден соолук, бак-таалай жана кызматтарында ийгилик каалап, аларга Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарын жана белек сааттарды тапшырды.

2016-жыл 29-ноябрь