Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин бирдиктүү үлгүсүн белгилөө үчүн сунуштарды иштеп чыгуу максатында токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссия 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Конкурстук комиссия тандоонун жыйынтыгы боюнча, бирок үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн бекитүүнү караган актынын долбоорун киргизсин.

4. Конкурстук комиссиянын ишин материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.

5.Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысына жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына төш белгинин үлгүсүн тандоо боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ

 

Ниязов Фарид Абилезимович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин   Аппаратынын Жетекчиси, комиссиянын төрагасы;

 

 

Сманбаева Жылдыз Аскарбековна

-

Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;

 

 

Алтынбеков Айбек

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

 

Молдобекова Гулкан Сакиновна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

 

Назаров Айтмамат Кошоевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

 

 

Жанболотов Улан Кубанычбекович

-

Кыргыз  Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча тобунун башкы адиси;

 

 

Абдраимов Алымбек Мекенович

-

«Кыргыз    Республикасынын Архитекторлор союзу» коомдук бирикмесинин     башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

 

 

Макашов Султан

-

«Кыргыз Республикасынын Эл чеберлери  союзу»       коомдук бирикмесинин     башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

 

Усубалиев Таалайбек Сыдыманович

-

«Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

 

 

Копотев Вячеслав Викторович

-

геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча);

 

 

Шафир Александр Львович

-

геральдика боюнча адис (макулдашуу боюнча).

 

 

 

 

2016-жыл 18-ноябрь