Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Румен Радевди Болгария Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Румен Радевди Болгария Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Мамлекет башчысы Румен Радевдин жеке көмөгү алдында өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине таянган кыргыз-болгар мамилелери мындан ары бекемделерине ишеним билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган Президент Румен Радевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгилик, ал эми дос Болгария элине – бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

2016-жыл 15-ноябрь