Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Игорь Додонду Молдова Президентин шайлоодо жеңиши менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Игорь Додонду Молдова Республикасынын Президентин шайлоодо жеңиши менен куттуктады. 

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында молдова эли туруктуу жана ар тараптан өнүккөн Молдованын пайдасына тандоо жасады деген ишенимин билдирген. 

Президент Алмазбек Атамбаев Молдованын жаңы шайланган Президенти Игорь Додонго чыӊ ден соолук жана мамлекеттик иштерине ийгиликтерди, ал эми дос молдова элине тынчтык менен бакыбаттык каалады.

2016-жыл 15-ноябрь