Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору  Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруунун бардык деӊгээлинде коррупцияга каршы туруу иштерин жандантуунун жана күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, УКМК АКК алдында антикоррупциялык иштердин натыйжалуулугун арттыруу жана коррупцияны алдын алуу боюнча маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

Президенттин оюнча, Антикоррупциялык кызмат жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүүгө, коррупция менен күрөш чараларын өркүндөтүүгө жана коомчулук менен ишти күчөтүүгө тийиш.  

2016-жыл 15-ноябрь