Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 14-ноябрда Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчукту кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Лилия Бурунчукту Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директорунун кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда жемиштүү кызматташтыкка үмүттөнөрүн билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Лилия Бурунчук өлкөнүн экспорттук потенциалын арттырууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, ошондой эле энергетиканы жана ирригацияны өнүктүрүүдө  кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты. 

2016-жыл 14-ноябрь