Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Ош-Баткен-Исфана автожолунун Ак-Татыр-Исфана тилкесинин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-ноябрда, Баткен облусунда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Ак-Татыр-Исфана тилкесинин ачылыш аземине катышты.  Жолдун пайдаланууга берилген бул тилкесинин узундугу 87 чакырым.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы автожолдун бул тилкесинин ачылышы регион үчүн эле эмес, бүт өлкө үчүн чоң окуя экенин белгиледи. «Биз көптөн бери күткөн күн келди. Биз курулуш иштерин баштаган кезде көптөр бул жолдун салынып бүтөөрүнө ишенишкен эмес «, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, адамдын кан тамыры сыяктуу эле автожолдор жана каналдар да өлкө үчүн жана жарандар үчүн өтө керек жана алардын мааниси зор. «Жолсуз, суусуз жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыла албасак, анда регион да, өлкө да өнүкпөйт, - деди Алмазбек Атамбаев. – Биз бардык ушул багыттар боюнча иштеп жатабыз жана мындан ары да бул иштер улантылат. Стратегиялык автожолдордун курулушун каржылоо маселеси чечилген, Баткен облусунда маанилүү ирригациялык долбоорлорду жүзөгө ашырсак деген пландарыбыз бар».

Президент ошондой эле жолдорду куруу менен бирге мамлекет регионалдык аэропорттордун самолеттор учуп-конуучу жолдорун оңдоого да каражат табышы керек. Бул республиканын ички аба каттамдарын жөнгө салуу үчүн керек.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын көп улуттуу эли өзүнүн өнүгүү жолун тапканын, эми ушул жолдон тайбай алга жылышыбыз керек экенин баса белгиледи. «Күчтүү өлкө болуу үчүн бизде биримдик болушу керек. Ошондо биздин балдарыбыз туруктуу жана өнүккөн, өздөрү сыймыктанган өлкөдө жашашат», - деди Алмазбек Атамбаев. Ал эң кыйчалыш учурларда да тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактай билген  Исфана шаарынын жана Лейлек районунун жашоочуларына ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө Президент ошондой эле Кыргызстандын Евроазия экономикалык биримдигине кошулушуна байланыштуу да ойлорун ортого салды. "Биздин негизги милдеттерибиздин бири – бул Россияда жашап жана эмгектенип жатышкан биздин мекендештерибиздин абалын жакшыртуу болду. Бүгүн бул экономикалык биримдикке кошулганыбыз туура эмес болгон деп жүргөндөр бөтөн жерде биздин эмгек мигранттар кандай кыйын шарттарда жашап жүрүшкөнүн билишпейт ", - деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүн аяктап жатып, Мамлекет башчысы автожолду куруу долбоорун жүзөгө ашырууга жардамдашкан кытайлык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа автожолдун бул тилкесинин ачылышы – кыргыз-кытай кызматташтыгынын мисалы экенин белгиледи.  «Бул жол облустун өнүгүшүнө көмөктөш эле болбостон, аймактагы маанилүү унаа каттамы болуп калат. Анын мааниси Кыргызстандын чегинен да алыс кетет. Кытай өзүнүн стратегиялык өнөктөшү болгон Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр», - деди Сяо Цинхуа. Ал Кыргызстан Президенти Алмазбек Атамбаев менен КЭР Төрагасы  Си Цзиньпиндин ортосундагы жылуу жана достук мамиле өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнүн кепили болоорун баса белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле КР Президентинин кеңешчиси Калыкбек Султанов жана Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев катышты.

2016-жыл 10-ноябрь