Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Чоң-Кара айылындагы чек ара тозотун ачуу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-ноябрда Баткен облусуна иш сапарынын алкагында  Чоң-Кара айылындагы чек ара тозотун ачуу аземине катышты.

Өз сөзүндө Макмлекет башчысы чек арачылар менен сыймыктана турганын айтты. “Бир кампа башчысынын айынан айрым саясатчылар бардык чек арачыларды жаманатты кыла башташты. Алар чек арачылардын кызматы кандай оор экенин билишпейт. Мен силер менен сыймыктанам жана бүт элибиз сыймыктанат»,- деди Алмазбек Атамбаев. 

Президент Куралдуу Күчтөрдү реформалоо өз жемишин бере баштаганын белгиледи. «Азыр аскерде кызмат өтөө сыймыктуу боло баштады. Биздин ар бир үчүнчү аскерге чакырылган жигиттерибиз жогорку билимге ээ. Аскер кызматчыларыбыз техника менен да, курал-жарак менен да, татыктуу эмгек акы менен да камсыз болушту. Мындан ары да бул иш токтобош керек. Мамлекет өз аскеринен эч нерсе аябоого тийиш», - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы күжүрмөн кызматы үчүн чек арачыларга дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, чек ара кызматын колдоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Иш-чаранын аягында Президент чек ара кызматынын Баткен облустук Башкармалыгынын жетекчисине 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

2016-жыл 9-ноябрь