Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев кесипкөй эмгеги үчүн ЖМК өкүлдөрүнө өзүнүн белек сааттарын тапшырып, элге алынган медиа-долбоорлордун авторлорун акчалай сыйлыктар менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн,  4-ноябрда, Маалымат жана басма сөз күнү алдында кесипкөй эмгеги жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн өлкөдөгү бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин белек сааттарын, андан тышкары  элге алынган медиа-долбоорлордун авторлоруна акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы ЖМК өкүлдөрүн алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, журналисттик ишмердиктин өлкөдөгү жана дүйнөдөгү маанилүү ролун баса белгиледи. «Мен сиздерди кесиптештерим деп айта алам, анткени мен сөздүн күчү менен маанисин  тереӊ түшүнөм», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президенттин айтымында, пресса өкүлдөрү менен ар бир жолугуу ал үчүн манилүү. «Азыркы кылым – маалыматтын кылымы. “Маалыматка ким ээ болсо, дүйнөнү ошол бийлейт” деп тегин жерден айтылбаган. Бүгүн маалымат куралга айланды. Сөз менен адамды көкөлөтүп, жүрөгүнө үмүт жакса болот, ошону менен катар сөз менен адамды басып, ал турсун өлтүрсө да болот», - деди Мамлекет башчысы.

Президенттин сөзү боюнча, кандай болгондо да Кыргызстанда күчтүү маалымат каражаттары көп болууга тийиш. Ошондой эле өтө күчтүү жарандык коом болууга тийиш, биздин күчүбүз мына ошондо.

«Адамдарыбыз өз өлкөсүнө ишене башташты. Өлкөбүз да акыркы беш жылда башка болуп калды. Мында сиздердин да эмгегиӊиздер бар», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент бакыбат турмушуна жана гүлдөп өсүшүнө жараша дүйнө өлкөлөрүнүн жетишкендиктерин ченеген британдык The Legatum Institute аналитикалык борбору жарыялаган  гүлдөп өсүш индексин мисал келтирди. Анда Кыргызстан региондун баардык, КМШнын бир катар өлкөлөрүн озуп, 77-орунду ээлеген.

Мамлекет  башчысы журналисттерди өлкөгө көмөк көрсөтүп, анын өнүгүшүнө өбөлгө болууга чакырды. «Эгер  адамдын жүрөгүндө ишеним болсо, ал тоону да томкорот.  Өлкөбүздү, элибизди колдоону мен сиздерден абдан өтүнөм. Баарын элдин руху чечет, биз адамдарыбыздын жүрөгүндө пассионардуулукту ойготтук, биз өз тарыхыбызды эстедик. Биз эбегейсиз чоӊ каганатты түзгөнүбүздү эстедик. Качандыр бир кезде биздин жазуубуз болгон. Биз сыймыктана турган тарыхыбыз бар», - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент соӊку жылдары атамекендик ЖМКлар да өзгөргөнүн белгиледи. «Эң негизгиси, таза адам болгула. Таза адамга ылай жукпайт. Чынчылдыктан, түз жолдон тайыбагыла. Өлкөбүз күчтүү, элибиз күчтүү. Бул жолдон тайыбашыбыз керек. Мен сиздер менен сыймыктанам», - деди  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ЖМК өкүлдөрүнө бакыт-таалай, узак өмүр жана бакыбаттык каалады.

Кесипкөй эмгеги жана атамекендик журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Президент Алмазбек Атамбаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалынын шеф-редактору Жылдыз Жумабековага, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосунун» башкы редактору  Таалайгүл Сыдыкбековага,  Кыргыз улуттук «Кабар»маалымат агенттигинин директору  Кубанычбек Таабалдиевге, «Жаңы телевизиондук түйүн Телерадиокомпания» ЖЧКнын башкы  директору Үсөн уулу Жайнакка, «Пирамида» «МедиаХолдинг” ЖЧКнын башкы  директорунун орун басары Аскат Алагөзовго, «Бешинчи канал» ЖАКтын атайын кабарчысы, редактору Самат Качкыновго, Бишкектеги  «Канал D» телерадиокомпаниясынын редакациясы” ЖЧКнын филиалынын жетекчиси, баяндамачы Каныбек Темировго жана «ЭлТР» Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кабарчысы Чолпон Кармышаковага президенттин белек сааттарын тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев  ошондой эле позитивдүү жарандык позициясы менен айырмаланып,  элге алынган медиа-долбоорлордун авторлоруна  70 миӊ сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды берди.

Мындай медиа-долбоорлордун катарында: «КТРК Кербени», «Мурас» (ЭлТР), «Өзгөрүштөр доору» (5-канал), ТВ Агро («Пирамида»), «Реалдуу экономика» (НТС), «Улут уюткусу» (  «Марал» радиосу), «Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы” (АКИpress), Knews маалымат агенттигинин Saat.kg кыргызча чыгарылышы, Кыргызстанда журналисттик иликтөө жанрын өнүктүргөндүгү үчүн Дело № ... газетасы, ошондой эле «Ачык саясат плюс», «Ачык сөз» гезиттери бар.

2016-жыл 4-ноябрь