Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Мамлекеттик советинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-ноябрда өлкөгө расмий визит менен келген Кытай Эл Республикасынын  Мамлекеттик советинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту.

Конок менен жылуу учурашып, Мамлекет башчысы КЭР Мамлекеттик советинин Премьери Ли Кэцян башчылык кылган кытайлык өкүлдөр менен жолукканына кубанычтуу экенин белгиледи. “Биз кытайлык достордун келгенине ар дайым кубанычтабыз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

КЭР Мамсоветинин Премьери меймандостугу жана жылуу кабыл алуу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуунун жемиштүү болгонун белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында бардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-кытай мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө боло турган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

КЭР Мамсоветинин Премьери Ли Кэцян ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаевге КЭР Төрагасы  Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.

Жолугушууда Президент Алмазбек Атамбаев жана  КЭР Мамсоветинин Премьери Ли Кэцян Кыргызстан менен Кытай ортосундагы көп тараптуу эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин жана кеңири багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнү мындан ары арттыруунун перспективаларын талкуулашты.

Жолугушууга КЭР тышкы иштер министри Ван И, КЭР коммерция министри Гао Хучэн, КЭР финансы министри Лоу Цзивэй, КЭР Элдик банкынын Төрагасы Чжоу Сяочуань, КЭР Мамлекеттик советинин өкүлдөрү, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа катышты. 

2016-жыл 2-ноябрь