Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктоосу

Мамлекет башчысынын куттоосунун тексти:

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мекенибиз бүгүн өнүгүүнүн жаңы баскычына чыкты. Жарандардын бакубат турмушун камсыз кылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мааниси эбегейсиз зор. Анткени, сиздер ар дайым эл ичиндесиздер.

Өлкө жарандары азыр жер-жерлердеги бийликти өздөрү шайлап ала турганына бекем ишенип,  жергиликтүү шайлоолорго активдүү катыша башташты. Ошондуктан. элдин демин суутпай, ар кандай  маселелерди чечүүгө жергиликтүү калкты кеңири тартуунун мааниси зор.

11-декабрда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлайбыз.  Ачык жана таза шайлоо аркылуу жергиликтүү бийликке элдин кызыкчылыгын жактаган, коомубузду мындан ары өнүктүрүүгө күчүн аябаган адамдардын келишине жол ачуу зарыл.

Кыргызстандын өнүгүшүнүн бирден бир шарты – улуттук биримдик. Али да болсо кездеше калып жаткан уруучулук, жердешчилик  жергиликтүү шайлоонун таза өтүшүнө  гана эмес, коомдун өнүгүшүнө тескери таасирин тийгизери бышык. Бул терс көрүнүштөр айрым саясий топтордун жана саясатчы сөрөйлөрдүн куралына айлануусуна жол бербөө керек. Азыркы өнүгүү шартында эл ичинде ынтымак, биримдик  болсо, өлкөдө жаратмандык, өсүш болот.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Жергиликтүү бийлик күчтүү болсо, мамлекеттин пайдубалы да бекем болот. Сиздер элибиздин жыргалчылыгы үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшап эмгектенесиңер деп ишенгим келет.

Сиздерди дагы бир жолу Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм!

Баарыңыздарга чың ден соолук, ишиңерге ийгилик каалайм.

2016-жыл 29-октябрь