Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Чынчыл, эркин, акылдуу, эмгекчил жаштардын мезгили келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө  өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы быйыл 61 студент максатка умтулгандыгы жана максатынан кайтпаган көктүгү үчүн президенттик стипендияга татыктуу болгонун айтты жана аларды куттуктады.

Алмазбек Атамбаев билимдин маанисин, ошондой эле чет тилдерди билүүнүн зарылдыгын балгиледи.

«Мамлекеттик тилди билбегендик – бул күнөө эмес, мамлекеттин башына түшкөн мүшкүл. Анткени  мамлекттик тилди окутууга каражат өткөн жылы гана бөлүнө баштады. Баары мамлекеттик тилди түшүнүп, бири-бири менен мамлекеттик тилде сүйлөшүп баштаганча көп жылдар өтөт деп ойлойм.  Азыр тилдерди үйрөнүү – эс-акылыңды сергек кармоонун эң башкы ыкмаларынын бири. Бир нече тилди билип, адамдар менен алардын эне тилинде  сүйлөшүүнүн жакшы жактары көп. Президент катары мага бул абдан жардам берет», - деди Мамлекет башчысы.

Президент андан ары сөзүн улап, Кыргызстандын келечеги чоң экендигин айтты. «Анткени акыркы жылдары биз элдин демин ойготуп, пассионардуулугун өстүрө алдык. Биздин региондо Кыргызстан менен эч ким теңдеше албайт. Ага биздин искусствобуз – биздин кино тасмалар, бийлерибиз, ырларыбыз ишенимдүү далил боло алат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 30 млн доллар кетирди деп көрө албастар күнөөлөгүсү келгени менен биз келишкен ат майданын, анын жанына спорт комплекс курдук. Айрым өлкөлөр Олимп оюндарынын ачылышына алда канча көп сарташты, а эми биздин Оюндардын ачылышы андан кем калган жок», - деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, мамлекет билим берүүгө өлкө бюджетинин 24 пайызын багыттайт, мындай кылган дүйнө жүзүндө бир дагы мамлекет жок. Ушунун баары билим алуу үчүн мыкты шарттарды түзүү үчүн жасалып жатат. «Келерки жылдын аягына чейин бир дагы авариялык мектеп болбойт. Билим берүүгө жана илимге өзгөчө көңүл бурган өлкөлөрдүн келечеги кең экенин мезгил көрсөтүүдө», - деди Президент.

Ал бир кезде прогресс мусулман өлкөлөрүнөн башталганын студенттерге айтып берди.  «Бүгүн биз пайдаланып жаткан араб сандары, алгебра, алгоритм, мунун баары араб сөздөрү. Эң алгачкы университет Мароккодогу  Фес шаарында негизделген жана европалыктар барып мусулмандардан окушкан. Пайгамбарыбыз Мухаммеддин осуяттарында бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар деп айтылат. Бирок ал кезде молдолор жеңип кетип, адамдарды Куранды жөн эле жаттоого мажбурлашкан. Акыркы жүз жылдыкта 2 гана мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Нобель сыйлыгын алышкан. Бул исламды такыр эле түшүнбөгөн, мындан 1000 жыл илгери араб эли үчүн жазылган эрежелерди элге таңуулаган чала молдолор менен имамдардын кесепети. Бул биздин башыбызга түшкөн чоң балакет. Кыргызстан мусулмандары бир саат билим алуу бир түнкү сыйынууга барабар деген пайгамбарыбыздын осуятын эстен чыгарбоосу керек. Мен муну сакал коюуну жана арабча сүйлөгөндү акыркы кезде жаштар мода көрө баштагандыктан айтып жатам»,- деп,  Президент билим алуунун өзгөчө ролун баса белгиледи.

Анын айтымында, бүгүн залда олтурган студенттер болочоктогу өлкө элитасынын негизин түзөт. Анткени уурдалган акчага мыйзамсыз байып, элита болуп алышкан адамдардын мезгили бүтүп баратат.

«Азыркы парламент өз мөөнөтү бүткүчө жакшы мыйзамдарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине талапты күчөткөн мыйзамды да кабыл алат деп ойлойм.Өткөн шайлоолордо көп партиялар өз шайлоочуларын алдап кетишти. Чынында тизме боюнча шайлоого жаштар, аялдар, ар кандай этностордун өкүлдөрү бар болчу. Ал эми шайлоодон кийин парламентке акчалуу адамдар гана келишти. Бул парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Бирок кийинки шайлоодо силер сыяктуу адамдарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесине киргизе башташат», - деп белгиледи Президент.

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик органдардын курагы 40 жашка да келе элек жеткечилерин мисал келтирди. Алардын арасында башкы прокурор, Эсептөө палатасынын башчысы, Коргоо кеңешинин катчысы.

«Силердин мезгилиңер тез эле келет. Анткени азыр чынчыл, эркин, акылдуу, эмгекчил жаштардын мезгили келди. Өмүрүңөрдө кандай ийгиликтерге жетишсеңер да эч убакта текеберленип, эч кимге бой көтөрбөгүлө. Кандай иш болбосун сыймыктануу керек. Таман акы, маңдай тери менен күн көргөн адамды урматтоо керек», - деп, Мамлекет башчысы студенттер азыр болочок турмуштун пайдубалын куруп жатышканын белгиледи.

Президент жаштарды таза жана чынчыл болууга үндөдү. «Чынчыл, эркин, акылдуу, эмгекчил жаштардын мезгили келди. Силердин мезгил келди”, - деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы өлкөнүн кийинки президенти болуп ким шайланса да, “элибиз аны таза иштөөгө мажбур кыларына” ишене турганын билдирди.

«Кийинки парламент да таптакыр башка болот. Өлкөбүз артка кетпегендей, бирдагы киши өлкөнү мурдагы мезгилдерге кайтара албагандай кылуу үчүн биз референдум өткөрүп жатабыз», - деди Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн аягында Президент студенттерге ден соолук, бак-таалай, ийгиликтерди жана көздөгөн максаттарына жетишин каалады. «Эч убакта өз катаңарды моюнга алгандан коркпогула. Эч убакытта көздөгөн максатыңардан кайтпагыла. Турмушта сынбоого аракет кылгыла», - деди өлкө лидери.

Андан ары Президент Алмазбек Атамбаев жогорку окуу жайлардын 61 эң мыкты студенттерине 50 000 сомдук стипендияны жана мактоо баракчаларын тапшырды.

2016-жыл 28-октябрь