Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-октябрда өлкөгө визит менен келген Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз-америкалык мамилелердин актуалдуу маселелери жана ар кыл чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Жолугушууга ошондой эле АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Борбор Азия боюнча орун басары Дэн Розенблюм жана АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шейла Гуолтни катышты.