Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Snow Leopard Trust» эл аралык уюмунун аткаруучу директору Майкл Деспинес менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-октябрда   «Snow Leopard Trust»  эл аралык уюмунун аткаруучу директору  Майкл Деспинес менен жолукту.

Жолугушууда 2013-жылы Бишкекте өткөн “Илбирсти коргоо боюнча Дүйнөлүк форумда”  илбирстер тараган 12 өлкө тарабынан кабыл алынган Илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча глобалдык программаны мындан ары жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы илбирс кыргыз элинин тарыхында жана салтында ыйык мааниге ээ, эркиндиктин жана көз карандысыздыктын символу экенин белгиледи. «Илбирс – элибиздин символу. Кыргыздар үчүн ал ыйык. Бул жаныбарларды жана алардын экосистемасын сактоо биз үчүн мамлекеттик маанидеги жана мамлекеттик масштабдагы милдет болуп саналат», - деди Алмазбек Атамбаев. 

Жолугушууда ошондой эле 2017-жылы Кыргызстанда боло турган илбирсти коргоо боюнча саммитке даярдык көрүү маселелери да талкууланды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев, «Snow Leopard Trust» уюумунун илимий директору Чарудутт Мишра, «Snow Leopard Trust» уюмунун биздин өлкө боюнча директору Кубанычбек Жумабай жана «Snow Leopard Trust» уюмунун улук регионалдык экологу Костуб Шарма да катышты. 

2016-жыл 25-октябрь