Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Катардын Эмири Шейх Тамим Бин Хамад Аль Таниге Шейх Халиф бин Хамад Аль-Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Шейх Халиф бин Хамад Аль-Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Катардын Эмири Шейх Тамим Бин Хамад Аль Таниге көңүл айтты.

Мамлекет башчысы телеграммада Шейх Халиф бин Хамад Аль-Танинин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы жөнүндө кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен  кабыл алганын белгиледи.

«Орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшүү менен кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сизге жана бүт Катар элине чын ниеттен көңүл айтам. Ушул оор учурда кайраттуу болушуңузду каалайм», - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

2016-жыл 24-октябрь