Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22- октябрда өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы мекеменин азыркы иштери жана маданиятты өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары менен принциптерин ишке ашыруу тууралу маалыматты укту.

Түгөлбай Казаков Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргызстан элининин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Түгөлбай Казаков маданият жана искусство мекемелерин колдоо чараларын жана маданият чөйрөсүндө ишмердикти материалдык камсыздоону жакшыртуу пландарын талкуулашты.

2016-жыл 22-октябрь