Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Германиянын азык-түлүк жана айыл чарбасы Федералдык министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда Германия Федеративдүү Республикасынын  азык-түлүк жана айыл чарбасы Федералдык министри Кристиан Шмидт менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Германия ортосундагы айыл чарба, бөлүп айтканда, ирригация чөйрөсүндө кызматташуунун маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Германия Федералдык канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга визитинин жүрүшүндө жетишилген макулдашууга ылайык Кыргызстанга келген Кристиан Шмидт башында турган германиялык өкүлдөр менен жолугушканына кубанганын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Федералдык министр Кристиан Шмидт өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана Европа биримдиги Кыргызстанга берген ВСП+ артыкчылыктуу маккамды эске алуу менен айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу боюнча пландарды талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле Бундестаг депутаты, Германия социал-демократтар партиясынын мүчөсү Йохан Саатхофф жана Германия Азык-түлүк жана айыл чарба министрлигинин “ЕБ саясаты, эл аралык кызматташуу, балыкчылык” департаментинин директору Герман Йойб катышты.

2016-жыл 15-октябрь