Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Антониу Мануэл ди Оливейра Гутеррешти БУУнун Башкы катчысынын кызматына шайланышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Антониу Мануэл ди Оливейра Гутеррешти Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Сиздин шайланышыңыз БУУга мүчө өлкөлөрдүн жогору ишениминин жана Португалия Өкмөтүндө жана БУУ системасында иштеген учуруӊузда алган чоң кадыр-баркыӊыздын күбөсү болуп саналат.

2017-жылы 1-январдан тарта БУУнун Башкы катчылыгынын кызматына киришкенден кийин Сиздин тажрыйбаңыз менен билимиӊиз Уюмдун мындан аркы ишине жол көрсөткүч болуп калат деп ишенем.

Планетада Туруктуу өнүгүү, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жана жакырчылык менен ачарчылыктын үстүнөн жеӊиштин максаттарына жетүү жолунда БУУ мамлекеттерди баштай турган күчтүү лидерге муктаж экенинен күмөн саноого болбойт.

Кыргызстан 24 жылдан бери БУУнун ишенимдүү өнөгү болуп саналат жана жемиштүү, көп пландуу кызматташтыктын негизинде өнөк бойдон кала берет», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын кызматына шайланган Антониу Мануэл ди Оливейра Гутеррешти визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырып, ага ден соолук, бакубаттык жана жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

2016-жыл 17-октябрь