Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Таиланд Королдугунун Премьер-министри Прают Чан-О-Чага жана Таиланддын королевасы Сирикит айымга Таиланддын королу Пхумипон Адульядеттин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көӊүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Таиланд Королдугунун Премьер-министри Прают Чан-О-Чага жана Таиланд Королдугунун королевасы Сирикит айымга Таиланддын королу Пхумипон Адульядеттин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көӊүл айтты.

“Король Пхумипон Адульядет өз элине берилген башкаруучу катары биздин эсибизде калат. Таиланддын туруктуу өнүгүшү анын аты менен жаратман эмгегине байланышкан”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Таиланд элине көӊүл айтып, бул оор учурда кайраттуу болууну каалады.

Мамлекет башчысы ошондой эле Таиланддын Королевасы Сирикит айымга да көӊүл айтуу жолдоду.

«Кыргыз элинин жана жеке өз атыман Сизге жана королдун үй-бүлөсүнө чын ыкласыман көӊүл айтып, орду толгус жоготуу кайгысын бөлүшөм. Бул оор учурда кайраттуу болууну тилейм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

2016-жыл 14-октябрь