Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-октябрда Грузияга расмий визитинин алкагында Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту.

Тар чөйрөдө жолугушуудан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген курамда уланды.

Грузия Премьер-министри Георгий Квирикашвили  Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу куттуктап, эки өлкө элдеринин ортосунда көп жалпылыктар бар экенин белгиледи.

«Сиздин келишиңизге мен кубанычтамын. Кыргызстан менен Грузия элдери байыркы  цивилизациялардын өкүлдөрү болуп саналышат.  Бизди көп нерсе байланыштырып турат, ошондуктан соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бизде чоң потенциал бар деп ойлойм», - деп белгиледи Грузия Премьер-министри.

Жолугушуу Президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визити ар кыл багыттардагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет деген ишеним айтылды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Грузия ортосунда ар түрдүү чөйрөлөрдө өз ара кызыгууну жараткан маселелер талкууланды.

2016-жыл 13-октябрь