Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Арменияга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-октябрда жумушчу сапар менен Арменияга келди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук Кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

ЖККУга мүчө Армения, Беларусь, Россия, Казакстан, Кыргызстан и Тажикстан мамлекеттеринин башчылары эл аралык жана регионалдык олуттуу проблемаларды, учурдун чакырыктары менен коркунучтарына каршы жамаатташып аракеттенүү чараларын талкуулашат.

2016-жыл 13-октябрь