Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий визитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Грузия Президенти Георгий Маргвелашвилинин катышуусу менен төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Грузиянын Ички иштер министрлигинин ортосунда кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташтык жөнүндө  макулдашуу;

Кыргыз Республика Ички иштер министрлигинин академиясы менен Грузия Ички иштер министрлигинин академиясы ортосунда полициялык билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Грузия Ички иштер министрлиги ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Грузиянын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы менен ЮЛПП - Грузиянын Ички иштер министрлигинин академиясынын ортосундагы полиция/ милиция билим беруу чойросундогу кызматташуу жонундо меморандум

 

2016-жыл 13-октябрь