Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  12 октябрда Грузияга расмий визитинин алкагында  Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолукту.

Президент Алмазбек Атамбаевди Президенттик сарай алдынан  Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили  тосуп алды. Мамлекет башчылары көрүшүп учурашкандан кийин Кыргыз Республикысынын жана Грузиянын мамлекеттик гимндери аткарылды.

Андан кийин Президент Алмазбек Атамбаев менен Президент Георгий Маргвелашвили Ардактуу кароолдун ротасын кыдырып өтүштү.

Расмий жолугушуу аземинен кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Грузия Президенти Георгий Маргвелашвили Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу куттуктап, кыргыз лидеринин көптөн бери күтүлгөн Грузияга биринчи расмий визитине кубанып турганын белгиледи. 

Тараптар бул визит бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө түрткү берерине ишенерин билдиришти.

Сүйлөшүүлөр жүрүшүндө  кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Расмий визиттин алкагында бүгүн эки мамлекет башчыларынын кеӊейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өтөт. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Мамлекет башчылары биргелешкен пресс-конференция беришет.

2016-жыл 12-октябрь