Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев расмий визит менен Грузияга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  12 октябрда расмий визит менен Грузияга келди.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы  Грузия Президенти Георги Маргвелашвили менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Жолгушуу маалында эки тараптуу алака-катыштарды мындан ары кеӊейтүү,  соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланат. 

Расмий визиттин жыйвнтыктары боюнча эки тараптуу документтерге кол коюу каралган. Эки өлкө ррезиденттери биргелешкен пресс-конференция беришет.

2016-жыл 12-октябрь